





⚽️ Нурланбек Тургунбек уулу Португалиядагы Порту шаарында жайгашкан футбол стадионун зыярат кылып, ал жактагы шарттар менен таанышты. Кыргызстанда да футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.
🏟 Бишкекте Борбордук Азиядагы эң чоң футбол стадиону курулууда, ал 50 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган. Бул стадион эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.
🤝 Футбол азыркы глобалдык шарттарда достукту жана мамлекеттер аралык байланышты чыңдоонун дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн бири болуп саналат. Кыргызстан менен Португалия бул багытта кызматташууга өзгөчө көңүл буруусу зарыл.
🇵🇹 Португалиянын мыкты футболчуларынын тажрыйбасын үйрөнүү кыргыз футболчулары үчүн чоң кызыгуу жаратат. Бул эки өлкөнүн футбол жаатындагы кызматташтыгын бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.
🔚 Нурланбек Тургунбек уулунун Португалияга болгон иш сапары аяктап, ал Бишкекке кайтып келди. Ал ПА ОБСЕнин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.