🎉 Кыргызстандын командасы Абу Рейхан Беруни атындагы Эл аралык химия олимпиадасында (ARBIChO) чоң ийгиликтерге жетишти.
🌍 Бул олимпиада 28-майдан 6-июнга чейин Өзбекстанда өтүп, 15тен ашуун өлкөнүн окуучулары катышты.
🏅 Кыргызстандын атынан Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Исаева Наима жана Кадыров Арафат катышып, өлкө намысын коргошту.
🥈 Максатбек Кахраманов күмүш медаль, ал эми Жапаров Эржан жана Саматов Эрмек коло медалдарды утуп алышты.
📚 Бул окуучулар Кыргызстандын Улуттук химия олимпиадасынын жыйынтыктарынын негизинде тандалып алынган жана жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүштү.