♟️ 2025-жылдын 21-31-июль күндөрү Индиянын Гоа шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын парашахмат боюнча улуттук курама командасы да катышууда.
🇰🇬 Команданын курамына жетекчи жана котормочу катары Дарика Мамытова кирет.
♟️ Кыргызстандын атынан парашахматисттер Тилеген Рахатбеков жана Кубанычбек Ибраимов катышууда.
👥 Команданы коштоп жүргөн адам катары Айнура Алеева да бар.
🌏 Бул чемпионат ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчулар үчүн чоң мааниге ээ жана алардын эл аралык деңгээлде өздөрүн көрсөтүүгө шарт түзөт.






