🌾 Кыргызстандын айыл чарба продукциялары Кытайда көрсөтүлдү.
🇰🇬 2025-жылдын 25-29-октябрында Кытайдын Янлинь шаарында өтүп жаткан жогорку технологиялар боюнча айыл чарба жарманкесинде Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү катышты.
🍯 Кыргыз Республикасынын стендине бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар жана башка таттуулар сыяктуу жергиликтүү айыл чарба продукциялары коюлду.
🤝 Жарманкеге катышуу Кыргызстан агрардык секторунун экспорттук потенциалын көрсөтүүгө жана кытайлык өнөктөштөр менен байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
🌍 Мындан тышкары, Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү ШКУ мамлекеттеринин жыйынына катышып, айыл чарба продукциясын жеткирүү жана сатып алуу маселелерин талкуулады.
📈 Жыйындын алкагында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, айыл чарба тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү каралды.












