Кыргызстандык спортчу АКШдагы «The 2025 Chicago Spring Games» турниринде алтын медаль утту

Кыргызстандык Нурислам Жоромырзаев АКШда өткөн «The 2025 Chicago spring games» турниринде грэпплинг боюнча алтын медаль жеңип алды. Ал 90 кг салмак категориясында жеңишке жетишип, финалда Пакистандык атаандашын 8:0 эсебинде утуп, чемпион болду.

🏅 Кыргызстандык Нурислам Жоромырзаев АКШда өткөн «The 2025 Chicago spring games» турниринде алтын медаль тагынды.

🇰🇬 Нурислам Жоромырзаев Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасынын мүчөсү катары 90 кг салмак категориясында мелдешке катышты.

🇨🇦🇺🇸 Жоромырзаев Канаданын жана АКШнын спортчуларын жеңип, финалда Пакистандын атаандашын 8:0 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү болду.

🥇 Нурислам Жоромырзаевдин буга чейинки жетишкендиктери: 2021-жылы Чүй облусунун грэпплинг боюнча чемпиону (NAGA), 2022-жылы Кыргызстандын грэпплинг жана джиу-джитсу боюнча чемпиону, 2023-жылы Кыргызстандын комбат джиу-джитсу боюнча чемпиону (GI жана NO GI), 2024-жылы Кыргызстандын грэпплинг боюнча чемпиону (ADCC).

🎉 Бул жеңиш Кыргызстан үчүн чоң сыймык жана Нурислам Жоромырзаевдин спорттук карьерасындагы дагы бир маанилүү жетишкендик болуп саналат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x