🌍 Бишкекте өлкөнүн алдыңкы туроператорлорунун башын бириктирген сыртка чыгуучу туристтик жарманке болуп өттү.
✈️ Иш-чарага 15 туроператор катышып, кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө эс алуунун түрдүү варианттарын сунушташты.
🌏 Түркия жана БАЭ сыяктуу салттуу багыттар дагы эле популярдуу, бирок быйыл Кытай, Малайзия, Венгрия жана Түштүк Корея сыяктуу жаңы каттамдарга кызыгуу күчөдү.
📈 Жаңы багыттарды өнүктүрүү Кыргызстандын жарандарынын саякаттарын жеңилдетип, чет элдик туристтерди тартууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
🎉 Жарманкеге келгендер көптөгөн туристтик сунуштар менен таанышып, оюн-зоок программасынан, анын ичинде концерттерден жана байгелүү оюндардан ырахат ала алышты.
🏨 Башкы байгелер C.A.T. компаниясынан Shah Palase мейманканасында жайгашуу үчүн эки сертификат болду.
🗣️ Иш-чаранын алкагында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны да өтүп, анда жайкы сезондун жыйынтыгы жана тармакты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.