







🏆 Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Азия жана Океания чемпионатында 10 медаль жеңип алды.
🥇 Фарух Мамаджанов 88 кг салмак категориясында спорттук самбо боюнча алтын медаль тагынды.
🥈 Күмүш медалдарды Орозбек Алмазбеков (98 кг, спорттук самбо), Элхан Орозалиев (50 кг, күрөш самбо), Шахида Нурмухаммедова (72 кг, спорттук самбо) жана Бегайым Бакытова (80 кг, спорттук самбо) жеңип алышты.
🥉 Бронза медалдарга Байэл Жакшылыков (79 кг, спорттук самбо), Калыс Койчуманкулов (58 кг, спорттук самбо), Аида Асанбекова (65 кг, спорттук самбо), Нурсат Айчолпон кызы (50 кг, күрөш самбо) жана Бегайым Акбалаева (59 кг, күрөш самбо) ээ болушту.
👥 Команда Азамат Казакбаевдин жетекчилиги астында, машыктыруучулар Ильгиз Каналбек уулу жана Анары Жумали кызынын жардамы менен ийгиликке жетти.