🇷🇺 Россия менен Беларусиянын ортосундагы чек арада ЕАЭС мүчө мамлекеттеринин жарандары үчүн кыймылга байланыштуу тоскоолдуктар жоюлду.
🌍 2025-жылдын 11-январында Россия жана Беларусия өкмөттөрүнүн ортосунда визаларды өз ара таануу жана чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнө байланыштуу маселелер боюнча келишим күчүнө кирди.
🚆 Бул келишимдин алкагында Кыргызстандын, Армениянын жана Казакстандын жарандары эми Беларусиядан Россияга жана Россиядан Беларусияга темир жол, аба жана автомобиль жолдору аркылуу кирип-чыга алышат.
✈️ Буга чейин бул өлкөлөрдүн жарандары Россия менен Беларусиянын ортосундагы каттамдарды авиация аркылуу гана жүргүзө алышчу.
🚗 Эми аталган келишимдин күчүнө кириши менен бул жарандар Беларусия-Россия чек арасын автомобиль жана темир жол транспорттору аркылуу кесип өтө алышат, бул алардын кыймылын жеңилдетет жана чыгымдарды азайтат.