🎬 Түркиянын Билим берүү кызматкерлеринин союзу билим берүү темасындагы 9-эл аралык кыска метраждуу фильмдер конкурсун өткөрүүдө кыргызстандыктарды катышууга чакырат.
🌍 Конкурс Анкара шаарында өтөт жана ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана түрк дүйнөсүнүн бардык мамлекеттеринен келген ышкыбоздор жана кесипкөйлөр катыша алышат.
🎥 Конкурстун максаты – кино искусствосу аркылуу билим берүүнүн адамга жана коомго тийгизген таасирин көрсөтүү.
📅 Катышуучулар 2026-жылдын 12-январына чейин 15 мүнөткө чейин созулган, Full HD форматындагы фильмдерин жөнөтүшү керек. Жыйынтыктар 2026-жылдын 30-декабрында жарыяланат.
💰 Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат: биринчи орунга 80000 лир, экинчи орунга 60000 лир, үчүнчү орунга 40000 лир, “Мехмет Акиф Инан” статуэткасы жана 30000 лир, “Эрол Баттал Сендикал Кадраж” статуэткасы жана 20000 лир.
🤝 Уюштуруучулар бул иш-чара жалпы маданий баалуулуктарды чагылдырган жана билим берүүнүн коомдогу өзгөртүүчү күчүн көрсөткөн эмгектер бир туугандык байланышты бекемдейт жана келечек муундарды шыктандырат деп ишенишет.






