Кыргызстандыктардын 90% өлкө туура багытта баратат деп эсептейт – Дүйнөлүк банктын мониторингинин маалыматтары

Бишкекте өткөн аппараттык жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө калктын ишеними өсүп, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун көрсөткөн Дүйнөлүк банктын мониторингинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Жарандардын бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнө канааттануу деңгээли да бир топ жогорулап, коомдук пикирдин оң өзгөргөнүн айгинелейт.

📈 Кыргызстанда калктын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө болгон ишеними өсүүдө.

🌾 Айыл тургундарынын ишеними 2021-жылы 71% болсо, 2024-жылы 89% га чейин жогорулап, келечекке болгон көз караштар оң өзгөргөнүн көрсөтөт.

🏙️ Жарандар да олуттуу жакшырууну белгилешти: өлкөнүн туура багытына ишеним 56%дан 86%га өстү.

🛡️ Коррупцияга каршы күрөштүн эффективдүүлүгү жарандар үчүн айкын болуп калды: шаар калкында бул көрсөткүч 60%дан 88%га, ал эми айылдыктар арасында 83%дан 89%га чейин өстү.

🤝 Бийликтин өз ара аракеттенүүсүнө канааттануу да жогорулап, айылдагы үй чарбаларынын арасында 79%, шаар тургундарынын арасында 74% түздү.

🔍 Бул маалыматтар өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдагы оң өзгөрүүлөрдү жана жарандардын бийликке болгон ишениминин өсүшүн көрсөтүп турат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x