Кыргызстандын айылдык аймактарын өнүктүрүүгө 27 миллион доллар бөлүнөт.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инфраструктураны жакшыртуу жана аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында 27 миллион долларлык улуттук долбоор башталды.

[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Кыргызстанда «Жамааттар демилгеси боюнча улуттук долбоор» расмий түрдө башталды. Бул долбоорду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылайт.

💰 Долбоордун жалпы бюджети 27 миллион долларды түзөт. Анын максаты – айыл жергелерин өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу инфраструктураны жакшыртуу жана аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

📍 Ош облусунда долбоордун расмий башталышы болуп өттү. Иш-чарага облустук жетекчилер, район акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

📋 Долбоорду координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт, ал эми ишке ашыруу АРИС тарабынан башкарылат. Долбоор жамааттардын демилгелери негизиндеги өнүгүү ыкмасы (CDD) боюнча ишке ашырылат.

🤝 Иш-чаранын жүрүшүндө АРИС менен Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана райондук администрациялар ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x