Кыргызстандын алмалары Россиянын соода түйүндөрүнө жеткириле баштайт.

Кыргыз Экспорт борборунун директору Урмат Такиров «Гранд Трейд» компаниясы менен Кыргызстандын продукцияларын Россияга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 2025-жылдын октябрында кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда роад-шоу өткөрүү пландалууда. Алгачкы келишим боюнча «Ноокат Алмасы» кооперативи Россияга алма жеткирүү боюнча макулдашты.

[adrotate_integration id=”2″]

🍏 Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө.

🤝 Урмат Такиров, “Кыргыз Экспорт” борборунун директору, орус азык-түлүк жана FMCG товарларын импорттоочу ири компаниялардын бири болгон “Гранд Трейд” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

📈 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча “Гранд Трейд” компаниясынын айлануусу 2 миллиард АКШ долларынан ашты.

🚀 Жолугушууда кыргыз продукциясын Россия рыногуна кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. 2025-жылдын октябрь айында кыргызстандык экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен роуд-шоу өткөрүү макулдашылды.

📄 “Кыргыз Экспорт” борборунун жардамы менен “Ноокат Алмасы” кооперативи менен “Гранд Трейд” АО ортосунда Россиянын соода түйүндөрүнө алма жеткирүү боюнча биринчи келишимге кол коюлду.

🌍 “Гранд Трейд” АО Россияга азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды импорттоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат жана ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрү менен кызматташат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген