Кыргызстандын армрестлинг боюнча курама командасы Индиядагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болду

Кыргызстандын армрестлинг боюнча улуттук командасы Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында ийгиликтүү катышып, бир катар медалдарга ээ болушту.

🏆 Кыргызстандын армрестлинг боюнча курама командасы Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында ийгиликтүү катышып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.

🥇 Жаштар категориясында алтын медалдарга ээ болгон спортчулар: Адемир Жусупов (55 кг), Залкар Нурланов (75 кг), Иса Тимуров (55 кг, саб-юниорлор), Усман Кубанычбеков (70 кг, саб-юниорлор), Асема Маликова (55 кг), Алтынай Омурбекова (45 кг), Байтур Абжалбеков (65 кг), Нурмухамед Сатымкулов (60 кг).

🥈 Жаштар категориясында күмүш медалдын ээлери: Молмол Акимкожо кызы (55 кг), Айназик Бакасова (50 кг, саб-юниорлор), Камил Абаев (45 кг, саб-юниорлор), Бадир Исламов (65 кг), Милана Ашимбекова (70 кг, саб-юниорлор), Фируза Талипбекова (70 кг жогору), Толгонай Сарынжиева (60 кг, саб-юниорлор), Гулзада Садыркулова (70 кг), Адыл Гаипов (85 кг).

🥉 Жаштар категориясында коло медалдын ээлери: Абдулазиз Нурбеков (90 кг), Сезим Турсунова (60 кг).

🏅 Чоңдор категориясындагы жеңүүчүлөр: Белек Мусаев — 2 алтын медаль, Константин Клейнер — алтын жана күмүш медаль, Мольмоль Акимкожо кызы — күмүш жана коло медаль, Андрей Ерошев — коло медаль.

🎉 Кыргызстандын спортчулары Азия чемпионатында жогорку деңгээлде ат салышып, өлкөнүн спорттук аброюн дагы бир жолу көтөрүштү.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x