Кыргызстандын Энергетика министрлиги «Ак-Турпак» Күн электр станциясын куруу боюнча кытай компаниялары менен инвестициялык келишимге кол койду.

Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында Кыргызстанда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Макулдашуу Баткен облусунун Ак-Турпак айылында 669,3 гектар аянтта ишке ашырылмакчы.

[adrotate_integration id=”2″]

🌞 Кыргызстанда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.

🔋 Келишимге Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, States Technology Co., Limited компаниясынын президенти Лю Фернандо Оскар жана San Energy Co. компаниясынын башкы директору Лю Йунцзе кол коюшту.

📍 Күн электр станциясы Баткен облусунун Ак-Турпак айылында 669,3 гектар аянтта курулат. Курулуш иштери 2025-жылы башталып, 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда.

🤝 Кыргызстандын энергетика министрлиги жана POWER CONSTRUCTION CORPORATION OF CHINA (POWERCHINA) компаниясы ортосунда кызматташуу меморандумуна да кол коюлду.

🌍 Бул документ эл аралык инвесторлорду жана каржы институттарын тартуу, энергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатын көздөйт.

📚 Меморандумдун алкагында энергетикалык менеджерлерди жана инженердик адистерди окутуу, ошондой эле Токтогул суу сактагычында калкыма күн электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө каралган.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x