Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу россиялык «Черноморец» клубуна кошулду.

Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчусу Эльдияр Зарыпбеков Орусиянын «Черноморец» клубу менен келишим түздү. Ал 23 жашта жана Кыргызстан курамасы үчүн 16 оюн өткөргөн.

⚽️ Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Эльдияр Зарыпбеков Россиянын «Черноморец» клубу менен келишим түздү.

📄 23 жаштагы жарым коргоочу Зарыпбеков Кыргызстандын улуттук курама командасы үчүн 16 оюн өткөрүп, Оманга каршы беттеште бир гол киргизген.

🏆 Өткөн сезондо Зарыпбеков “Чайка” клубунун негизги оюнчусу болуп, Орусия чемпионатында 29 оюн өткөрүп, бир ассист жасаган.

⏱ Жалпысынан ал 2756 мүнөт талаада болуп, атаандаштардын дарбазасына 28 жолу сокку урган.

🇰🇬 Эльдияр Зарыпбеков Кыргызстандын улуттук курама командасынын негизги жарым коргоочусу бойдон калууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген