🇰🇬 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Польшада өтө турган эл аралык турнирге катышат.
📅 Турнир 30-июлда Польша мамлекетинин борборунда башталат.
💪 Кыргызстандын командасынын курамы: 55 кг салмак категориясында Муратбек уулу Улан жана Гулжигит уулу Акыйкат, 60 кг Акыл Сулайманов, 63 кг Жоламан Шаршенбеков, 67 кг Раззак Бейшекеев, 72 кг Ырыскелди Хамзаев жана Амантур Исмаилов, 77 кг Максатбек уулу Ырыскелди, 82 кг Акжол Махмудов, 87 кг Асан Жанышов, 97 кг Узур Жусупбеков жана 130 кг Эрлан Манатбеков.
👨🏫 Команданын башкы машыктыруучусу Жусуп уулу Уран, улук машыктыруучу Азат Бейшебеков жана U-23 категориясы боюнча улук машыктыруучу Атай Замирбеков.
🤼 Турнирде грек-рим күрөшүнүн гана спортчулары күч сынашат.






