📈 Кыргыз Республикасынын экономикасында 2025-жылдын башынан бери негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалууда.
📊 Январь-июль айларында ички дүң продукциянын көлөмү 865,2 миллиард сомдон ашып, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12,5 пайызга өскөн.
🛠️ Ички дүң продукциянын 51% кызмат көрсөтүү тармагына, 18% өнөр жай тармагына, 16% продукцияга салынган салыктарга, ал эми курулуш жана айыл чарба тармактарына 7% туура келет.
📉 Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн экономикалык туруктуулугун жана өсүш потенциалын көрсөтүүдө.






