🌍 Кыргызстандын делегациясы Өзбекстанда өтүп жаткан экинчи парламенттер аралык форумга катышууда.
🇰🇬 Делегацияны иш-чарага катышуу үчүн Хива шаарына келген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жетектеп жатат.
🗣️ Форумдун негизги темасы – аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин ролу.
📅 Форум 12-13-сентябрда өтүп, кызматташуунун түрдүү аспектилерине арналган төрт панелдик сессияны камтыйт.
🤝 Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламент башчылары, ошондой эле жаштар парламенттеринин, достук топторунун өкүлдөрү катышууда.
👥 Кыргыз делегациясынын курамында элчи Муса Жаманбаев жана депутаттар Гүлкан Молдобекова, Шарапаткан Мажитова жана Чынберди Төлөнов бар.
🔗 Форум Борбор Азиядагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн орчундуу маселелерин талкуулоо үчүн аянтчаны түзөт.