🇺🇸 АКШда кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда биринчи бизнес роуд-шоу башталды.
🤝 28-октябрдан 7-ноябрга чейин өтүп жаткан иш-чаранын алкагында Вашингтон, Юта, Калифорния жана Иллинойс штаттарынын негизги мамлекеттик жана бизнес структуралары менен жолугушуулар пландаштырылган.
🌍 Бул бизнес-турду уюштуруу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Америка-Кыргыз Ишкерлер Кеңеши жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен кызматташуусунун аркасында мүмкүн болду.
📅 Роуд-шоу учурунда буга чейин АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), АКШнын Мамлекеттик департаменти жана АКШнын Соода министрлиги сыяктуу маанилүү уюмдар менен сүйлөшүүлөр болгон.
🏗️ Делегаттар америкалык өнөктөштөрдү жана инвесторлорду кызыктырышы мүмкүн болгон бир катар инфраструктуралык долбоорлорду сунушташты.
🔗 Бул иш-чара кыргыз бизнеси үчүн эл аралык аренада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.