Кыргызстандын түштүгүндө 6 тоннадан ашык контрабандалык күрүч кармалды.

Кадамжай районунда 6-7 тонна контрабандалык күрүч кармалды. Узак убакыттан бери иштеп келген уюшкан кылмыштуу топ Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турганы аныкталды.

[adrotate_integration id=”2″]

📦 Кадамжай районундагы операциянын жүрүшүндө Өзбекстандан Кыргызстанга контрабандалык жол менен киргизилген 6-7 тонна күрүч кармалды.

👥 Көп убакыттан бери Кадамжай районунда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын уюшкан кылмыштуу тобу иштеп келген.

📍 Бул топ бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуу менен “Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай” маршруту боюнча ар кандай эл керектөөчү товарларды контрабандалык жол менен ташып келишкен.

🚛 Өзбекстанда күрүчтү ири партияларда сатып алып, аны алдын ала пландалган схема боюнча Кадамжай районунун транзиттик аймагынан Чоң-Кара анклавына жеткиришкен.

🔄 Чоң-Кара анклавынан мыйзамсыз чыгарылып, Кадамжай районундагы Ак-Турпак аймагында Кыргызстандын жаранына жеткирилип, андан ары өлкө ичинде сатылган.

🔍 Контрабандага тиешеси бар Кыргызстандын жараны М.Н.А учурда тергөөдө.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген