🌧️ Аксый районунда катуу жааган жамгырдан улам үйлөрдү суу каптап, жолдор бузулду.
🏠 Кызыл-Туу айылында 10 үйдүн короолору суу алдында калды.
🚧 Сары-Челек — Кербен автожолунун Баатырбек аймагында суу агымдары кум менен шагылды жууп кетти.
🛠️ Кырсык болгон жерде куткаруучулар, жол тейлөө кызматкерлери жана айыл өкмөтү иштеп жатат.
🌍 Ак-Суй айыл округунун Тое-Басты айылында жер көчкү жүрүп, 1,5 км чарбалык жол бузулду жана трасса бөлүктөрү жабыркады.
🏢 Үч социалдык объектти суу каптап, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.