🎓 Кыргызстандын министринин орун басары Эдиль Байсалов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “Жаңы шарттарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизги элементи катары глобалдык башкаруу демилгеси” аттуу тегерек столго катышты.
🇨🇳 Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана эки өлкө ортосундагы мамилелер достукка жана өз ара ишенимге негизделген кеңири стратегиялык өнөктөштүк катары өнүгүүдө.
🤝 Быйыл биздин өлкөлөрдүн лидерлери үч жолу жолугушуп, үзгүлтүксүз жана конструктивдүү саясий диалог жүрүп жатканын көргөздү.
🌍 Тяньцзинь ШОС саммитинде президент Садыр Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин глобалдык башкаруу демилгесин колдоп, аны адилеттүү жана туруктуу дүйнөлүк тартипти курууга маанилүү салым деп атады.
🚂 Кыргызстандын жана Кытайдын ортосундагы маанилүү долбоорлордун арасында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу, “Барскоон – Учтурфан – Аксу” автожолу жана “Иркештам” өткөрүү пунктунун 24 сааттык иш режими бар.
🎉 Эдиль Байсалов Кытай Эл Республикасын 1-октябрда белгиленүүчү 76 жылдык мааракеси менен куттуктап, Кыргызстан менен Кытай биргелешкен аракеттер менен жаңы ийгиликтерге жетишет деген ишенимин билдирди.






