
[adrotate_integration id=”2″]⚽️ Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык командасы Азия Кубогу-2026нын тандоо оюндарында Өзбекстандын командасы менен беттешти.
🏟️ Оюн Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Алгачкы секундаларда эле Бекназ Алмазбековдун баш менен берген пасынан эсеп ачылды.
🇺🇿 Өзбекстан командасы биринчи таймда эсепти теңеп, андан соң алдыга чыкты (11’, 42’).
⚖️ Экинчи таймда Арсен Шаршенбеков эсепти теңеди (52’), оюн 2:2 эсебинде аяктады.
📊 Кыргызстан тандоо оюндарында 4 упай менен экинчи орунда турат, Өзбекстан дагы 4 упайга ээ, бирок топ айырмасы боюнча алдыда.
🌍 Палестина 3 упай менен үчүнчү, ал эми Шри-Ланка 0 упай менен акыркы орунда.
🏆 Азия Кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын январь айында Сауд Аравиясында өтөт, анда 16 мыкты команда ат салышат.






