⚽️ Бишкекте жаштардан турган Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия Кубогу-2026 үчүн тандоо этабын Палестина командасы менен беттешүү менен баштады.
🏟️ Оюн Д. Омурзаков атындагы стадиондо өттү.
⚽️ Оюндун экинчи бөлүгүндө Кими Мерк пенальтиден эсепти ачты (81’).
⏱️ Палестина командасы кошумча убакытта эсепти теңеп алды (90+4’).
🥅 Бирок, дароо эле биздин команданын чабуулу Кими Мерктин экинчи голу менен аяктап, жеңишти камсыз кылды (90+5’).
🏆 Азия Кубогу-2026 үчүн тандоо оюндарында 44 команда 11 топко бөлүнүп катышууда. Кыргызстандын курама командасы “E” тобунда Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка менен ойнойт.
📅 Эдмар Ласерда жетектеген команда кийинки оюнун 6-сентябрда Өзбекстандын курама командасына каршы өткөрөт.






