Кыргызстандын жарандары Хабаровск крайындагы жол кырсыгынан жабыркады.

Комсомольск-на-Амуреда 25-апрелде Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталды. 65 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүлөргө унаа менен уруп кеткен. Кыргызстандын элчилиги жана консулдук мекемелери окуянын чоо-жайын аныктоодо жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө.

🚗 Комсомольск-на-Амуре шаарында 25-апрелде Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталды.

👮‍♂️ 65 жаштагы “Тойота Саксид” унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган кыргызстандык эки жаранды, М.А. жана И.К., жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо сүзүп кеткен.

📞 Кыргызстандын Владивостоктогу элчилиги жана ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болуп, кырсыктын бардык жагдайларын изилдеп жатышат.

🩺 Орусия тарапка объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү.

🤝 Жабыркагандардын туугандарына консулдук-укуктук колдоо көрсөтүлүүдө.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x