






🎻 Бишкекте үч жаш музыкант 1-июндан 7-июнга чейин Россиянын Эмгек Баатыры, СССРдин эл артисти Юрий Башметтин патронаты астында өткөн XV Балдар музыкалык академиясына катышты.
🎹 Аделя Байзакова (виолончель), Назбийке Сабырова (фортепиано) жана Сана-Адель Усубалиева (скрипка) Кыргызстанды бул эл аралык долбоордо тааныштырышты.
🎼 Академиянын алкагында катышуучулар мастер-класстарга, биргелешкен репетицияларга жана концерттик иш-чараларга катышып, аспаптарында ойноо чеберчиликтерин өркүндөтүштү.
🎵 Быйылкы академияда өзгөчө көңүл уникалдуу педагогикалык ыкмаларды колдонууга жана индивидуалдык мамилеге бурулду.
🎤 Академиянын жыйынтыгы Самара академиялык опера жана балет театрында өткөн салтанаттуу жабылыш аземи менен аяктады.
🌟 Академия 79 таланттуу жаш музыканттарды бириктирип, СНГ өлкөлөрүнүн чыгармачыл байланыштарын өнүктүрүүгө жана жаш таланттарды колдоого багытталган.
🎶 Юрий Башметтин Балдар музыкалык академиясы 15 жыл ичинде жүздөгөн таланттуу музыканттарды даярдап, алардын көбү эл аралык конкурстардын лауреаттары болуп, искусстводо кесиптик жол тандап алышкан.