







⚽️ Москвада 7-июндан 15-июнга чейин өткөн X Эл аралык футбол-музыка фестивалында 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
🎤 Кыргызстан бул маданий-спорттук иш-чарада 2015-жылы түзүлгөн “Арт-футбол Кыргызстан” командасы менен катышты. Командада белгилүү артисттер жана музыканттар бар.
🇰🇬 Кыргызстан командасы D тобуна Иран, Сербия жана Түштүк Корея менен бирге кирди. Жыйынтыгында, кыргызстандык артисттер “Stars forever” тобуна кирип, бирок байгелүү орундарды ала алышкан жок.
🎶 Чемпионаттын алкагында ар бир команда өзүнүн концерттик программасын көрсөтүшү керек эле. 14-июнда кыргыз артисттери Казакстан жана Аргентина менен бирге чыгып, жюринин баасы боюнча эң мыкты концерттик программа деп табылды жана гран-приге ээ болушту.
🏆 Кыргызстандын командасы буга чейин 2019-жылы да мыкты концерттик программа үчүн гран-при алган болчу. Быйылкы Чемпионаттын жеңүүчүсү Аргентина командасы болду.