✈️ Кыргызстанда “Асман” авиакомпаниясынын паркы жаңы учактар менен толукталды.
🛩️ Мамлекеттик авиакомпанияга арналган төрт Dash 8 400 учагынын экинчиси өлкөгө келди.
📅 Үчүнчү учак 2025-жылдын январында, төртүнчүсү 2025-жылы май айында күтүлүүдө, бул компанияга ички каттамдарды толук тейлөөнү баштоого мүмкүндүк берет.
🌍 Төрт учактын тең 2025-жылдын май айында ишке кириши менен республиканын аймактарына, анын ичинде Талас, Нарын, Каракол, Казарман жана Кербен шаарларына акыркы 30 жылдан бери иштебей калган аба каттамдарын калыбына келтирүү пландалууда.
✅ Бул аймактардагы аэропорттор жаңы учактарды кабыл алууга жана аба каттамдарын калыбына келтирүүгө толук даяр.