Кыргызстанга контрабандалык жол менен iPhone 16 жана Samsung S25 алып келүүгө аракет кылышты.

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. УКМК жана Чек ара кызматы Талас облусунда iPhone 16 жана Samsung S25 телефондорунун 700 миң долларлык партиясын мыйзамсыз алып келүүнү токтотту. Тергөө иштери жүрүүдө.

[adrotate_integration id=”2″]

📱 Мамлекеттик коопсуздук комитети жана Чек ара кызматы өлкөгө кымбат баалуу мобилдик телефондордун ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүнү токтотушту.

🔍 Оперативдик иш-чаралар Талас облусунда өткөрүлүп, атайын кызматтар iPhone 16 жана Samsung S25 телефондорунун партиясын кармап калышты. Бул телефондордун болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларынан ашат.

💼 Учурда мамлекетке салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн төлөнбөй калышынан келип чыккан зыяндын өлчөмүн аныктоо жана мыйзам бузууга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

📞 ГКНБ КР жарандарды мамлекеттик чек ара аркылуу товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз өткөрүү фактылары жөнүндө билдирүүгө чакырат. Анонимдүүлүк кепилденет.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген