🇹🇷 Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Кыргызстанга иш сапары менен келди.
✈️ Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
📅 Эрсин татардын келиши 6-ноябрда Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине катышуу менен байланыштуу.
🌍 Саммитке UTGге мүчө беш өлкөнүн лидерлери: Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
🤝 Бул иш-чара түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жана аймактагы эл аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт.