

[adrotate_integration id=”2″]

🚛 Бишкекте KyrgyzTransLogistic 2025 аттуу экинчи эл аралык логистика, транспорт жана склад жабдуулары көргөзмөсү башталды.
🌍 Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Корея Республикасынан 45тен ашуун компания катышууда.
🔧 Көргөзмөнүн негизги максаты — логистика жана транспорт тармагына алдыңкы технологияларды тартуу жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү.
📦 Экспозиция транспорттук логистика жана жүктөрдү ташуу, склад жабдуулары жана автоматташтыруу, логистика үчүн IT-чечимдер, таңгактоо жана кошумча кызматтарды камтыйт.
🗣 Иш-чаранын ишкердик программасына өзгөчө көңүл бурулуп, алдыңкы тармактык эксперттердин катышуусунда панелдик талкуулар, семинарлар жана тегерек столдор өткөрүлүүдө.
🚄 Эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, логистикалык процесстерди санариптештирүү, электрондук коммерциянын келечеги, ошондой эле жүктөрдү көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча заманбап технологияларды киргизүү талкууланууда.
🤝 Уюштуруучулардын айтымында, KyrgyzTransLogistic 2025 көргөзмөсү мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана эл аралык уюмдар ортосундагы диалог үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды.





