Кытайдагы кыргыз делегациясы Үч капчыгай ГЭСинде болуп, Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууну талкуулады.

Turmush - КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдагы дүйнөдөгү эң ири «Үч капчыгай» ГЭСинде болду. Делегация гидроэнергетика тармагындагы кызматташтыкты жана Кыргызстанда ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

⚡ Кыргызстан Кытай менен гидроэнергетика тармагында байланышты бекемдөөдө.

🌊 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген кыргыз делегациясы Кытайдын Хубэй провинциясындагы дүйнөдөгү эң ири ГЭС болгон Үч капчыгай ГЭСинде болду.

🏗️ Делегациянын курамына энергетика министри Таалайбек Ибраев баш болгон негизги ишмерлер жана “Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы”, “Электр станциялары” сыяктуу тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

🤝 Сапардын жүрүшүндө гидроэнергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, Кытай тарап жаңы ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн Кыргызстанга келүүгө чакыруу алды.

🌍 Янцзы дарыясындагы Үч капчыгай ГЭСи жалпы кубаттуулугу 22 250 МВт, дамбанын бийиктиги 185 метр жана узундугу 2,3 км болгон дүйнөдөгү эң кубаттуу ГЭС.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x