⛷️ Кыргызстанда Кызыл-Белес лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
🏔️ База жергиликтүү бийлик жана Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилгенден кийин жеке менчик болуп калган.
💼 УКМКнын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 га аянтты түзгөн базалык жана жайыт жерлери үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткени аныкталган.
💰 Баасы 50 миллион сомдон ашкан объектти менчик ээлери мамлекеттин балансына кайтарып берүүгө макул болушкан.
🔍 УКМК Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу иштерин улантууда.