🔌 Кызыл-Кийский РЭС Баткен облусундагы энергетикалык инфраструктураны кышкы мезгилге толук даярдап бүттү.
🔧 Жети айдын ичинде 63,5 км узундуктагы 6-10 кВ жана 0,4 кВ аба электр линиялары, 120 трансформатордук подстанция техникалык тейлөөдөн өттү. Мындан тышкары, 21 км аба линиялары жана 42 подстанция капиталдык ремонттон өттү.
⚡️ 2025-жылдын башынан бери төрт трансформатордук подстанциянын кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Караван айылында кубаттуулук 160 кВАдан 400 кВАга чейин жогорулатылды, ал эми Суукана айылындагы эки подстанция 250 жана 100 кВАдан 400 кВАга чейин жаңыртылды.
🏠 Кызыл-Кыя шаарынын «Дача» кичи районунда жана Кадамжай районундагы жаңы конуштарда үч жаңы трансформатордук подстанция орнотулуп, 3,5 км жаңы СИП-2 линиялары тартылды.
📈 Февраль айынан баштап, Кызыл-Кийский РЭС «акылдуу» эсептегичтерди орнотууну баштады. Учурда 18 000 абоненттин ичинен 8 000и заманбап эсептегичтер менен камсыздалды, калган 10 000 абонентке октябрь айынын аягына чейин орнотуу пландалууда.
🌍 1-августтан тартып, Кызыл-Кийский РЭСтин тейлөө аймагы кеңейип, Уч-Коргон, Марказ, Майдан жана Чаувай айыл округдары кошулду.






