🚨 Кызыл-Кыя шаарында жасалма акча менен төлөгөн жаран кармалды.
💵 2024-жылдын июнь айында Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну З.Н. аттуу жаран «Таштемир Ажы» базарынан жасалма 100 долларга кийим сатып алган.
🔍 Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, жасалма акча же баалуу кагаздарды жасоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
🚓 Шектүү издөөгө салынып, 2024-жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Ак-Жол” чек ара бекетинен кармалган.
🔒 Учурда З.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.