







🚌 Кызыл-Кие шаарында жаңы 10 автобус ишке киргизилди, бул шаардык транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам.
🚍 Бул иш-чаранын алкагында автобус айдоочуларына ачкычтарды тапшыруу аземи болуп өттү. Ага Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, шаар мэри Алтынбек Бектуров жана жергиликтүү тургундар катышты.
💼 Абдирашит Ташбалтаев жаңы автобустардын келиши шаардыктардын кыймылын жеңилдетүү жана коопсуз шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү бийликтин аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.
💰 Жаңы автобустар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу лизингдик схема менен сатып алынып, жалпы суммасы 740 миң долларды түздү. Бул сумманын 20 миллион сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 миллион сомдон каржыланды.
🛠️ Автобустар Япония технологиялары боюнча өндүрүлүп, Өзбекстанда чогултулган жана жүргүнчүлөр үчүн бардык заманбап ыңгайлуулуктар менен жабдылган.
👷♂️ Жаңы техникалардын келиши менен “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасында кошумча 18 жаңы жумуш орундары түзүлдү, мурда бул ишканада 38 адам эмгектенчү.
📈 2023-жылы Кызыл-Кыя мэриясы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу дагы 10 автобус жана 2 таштанды ташуучу унаа сатып алган.