




🎨 Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гульбара Абдыкалыкова иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна барды.
🏛️ Алгач, ал Сафед-Булан айылындагы «Шах Фазил» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-резерватына барып, жаңы музей имаратынын курулушу менен таанышты. Бул долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 2023-жылы башталган.
🎭 Андан соң, Абдыкалыкова Ала-Букадагы Ш. Жоробеков атындагы райондук маданият үйүнө барып, имаратты карап чыгып, мекеменин ишмердүүлүгү жана көрүү залынын капиталдык ремонтунун жүрүшү менен таанышты. Ремонт Ала-Бука райондук фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп, жалпы суммасы 4 390 129 сомду түзөт.
🏺 Абдыкалыкова ошондой эле Нурмолдо атындагы Ала-Бука райондук тарыхый музейине барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
🎉 Иш сапарынын алкагында ал Т. Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Падек айылында жаңы айылдык клубдун ачылыш аземине катышты.
📚 Мындан тышкары, Абдыкалыкова Ала-Бука райондук маданият бөлүмүнүн райондук китепканасына барып, Жалал-Абад облусунун жана Өзбекстандын Наманган облусунун акындары, жазуучулары жана китепкана кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу боюнча семинар-жыйынына катышты.