✈️ Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда жаңы авиакаттам ачылат.
🗓️ 2025-жылдын 28-майынан тартып бул каттамды Air Astana авиакомпаниясы аткарат.
🚀 Каттам жумасына төрт жолу — шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү Airbus A320 учактары менен ишке ашырылат.
🌍 Пассажирлер үчүн Дели, Мумбай, Сеул, Пхукет, Бангкок, Дананг сыяктуу эл аралык хабдарга ыңгайлуу байланыштар каралган.
🌟 Бул кадам аба каттамдарынын өнүгүүсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, саякаттоо, бизнес жана жакындары менен жолугушууларды жеңилдетет.






