📈 2026-жылы Токмок шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн мамлекет материалдык каражат бөлүүнү пландап жатат.
🏫 Токмоктогу №1 А.С. Пушкин жана №2 орто мектептерине кошумча окуу корпустарын куруу үчүн республикалык бюджеттен 440 млн сом бөлүнөт. Ар бир жаңы корпус 800 окуучуга ылайыкталып курулат.
🚧 Стабилизациялык фонддон Токмокко 2 млрд 55 млн 500 миң сом бөлүнүп, бул каражат шаар ички жолдорунун капиталдык оңдоп-түзөөсүнө, жаңы инфекциялык бөлүмдүн курулушуна, 10 шаардык автобус жана 2 буроо техникаларын сатып алууга жумшалат.
🤝 ГКНБ башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийликти эл менен тыгыз иштешүүгө, иштердин мөөнөтүн жана сапатын көзөмөлдөөгө, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга чакырды.






