🏕️ Балдардын “Эдельвейс” мамлекеттик лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды.
🔍 Лагерь Төш-Булак айылында жайгашкан, анын аянты 5,20 га, ал эми имараттардын жалпы аянты 493,8 чарчы метрди түзөт.
🔄 2004-жылы лагерь менчиктештирилип, андан бери бир нече жолу ар кандай менчик ээлерине сатылып кеткен.
💰 УКМКнын аракетинин натыйжасында лагерь өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарылып, анын сметалык баасы 320 млн 651 миң сомду түздү.
🔧 УКМК жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча активдүү иштерди улантууда.