🎪 Кыргыз мамлекеттик цирки жаңыланып, заманбап маданият борборуна айланды.
🏗️ Цирктин директору Асланайым Аширова өлкө президентинин демилгеси менен башталган масштабдуу оңдоо иштери тууралуу айтып берди. Буга чейин имарат заманбап талаптарга жооп бербей, көрүүчүлөр күрмөчөн отурууга аргасыз болгон.
🔧 Оңдоо бардык аспектилерге таасирин тийгизди: куполдон баштап аренага чейин, ошондой эле жылытуу жана желдетүү системалары да жаңыланды. Бардык материалдар жана жабдуулар чет өлкөдөн сатылып алынган.
🎭 Акыркы 40-50 жылдан бери циркте бир дагы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, артисттерге түзүлгөн шарттар канааттандырарлык эмес. Азыр эмгекке ыцгайлуу шарттар тузулду.
🎉 Жаңыланган цирк өлкөнүн маданий жашоосуна оң таасирин тийгизе турган жаңы спектаклдерге жана көрүүчүлөрдү тартууга даяр.