📊 Кыргызстанда 2024-жылдын сегиз айында 3,1 миллиард сомдон ашык мүлк салыгы чогултулду.
💰 Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдарды 379,4 миллион сомго көбөйттү.
🏠 Кыймылдуу мүлккө салык 845,7 миллион сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 79,5 миллион сомго көп. Бул салык боюнча пландар 4,3 миллион сомго ашык аткарылган.
🏢 Кыймылсыз мүлк салыгын чогултуу 1 миллиард 251,3 миллион сомго жетип, план 87,6 миллион сомго ашыкча аткарылып, 2023-жылга салыштырмалуу 145,9 миллион сомго өскөн.
🌾 Жер салыгы боюнча 1 млрд 102 млн сом чогултулуп, өткөн жылга салыштырмалуу 153,9 млн сомго көп. План 140,6 миллион сомго ашык аткарылган.
📅 Эскерте кетсек, 1-сентябрь транспорт каражаттарына жана турак-жайга, ошондой эле жер тилкелерине салыктарды төлөөнүн акыркы мөөнөтү.