🏛️ Бишкекте «Манас» борборунун курулушу башталды.
🏗️ Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Манас дүйнөсүн өнүктүрүү, улуттук идеологиянын булагын жана руханий байлыкты жандандыруу максатында борбор курулууда.
🎭 Борбордун курулушу 2 гектар жерге жүргүзүлүп, ал Кыргыз улуттук «Манас» театрынын балансында.
🎉 Курулуш пландары боюнча, үч кабаттуу көп функционалдуу комплекс курулат: биринчи кабатта 500 орундуу банкет залы, ашкана жана кызматкерлер үчүн шарттар болушу пландалууда; экинчи кабатта 1300 орундуу чоң концерт залы жана чыгармачыл адамдар үчүн атайын жайлар болот; үчүнчү кабатта улуу эпоско арналган көргөзмө музейи жайгашат.
📚 «Бул борбор Манаска байланыштуу бардык маселелерди өзүнө алат. Ошондой эле, Манас боюнча китептердин басылышы же иллюстрацияларынын түзүлүшү боюнча көзөмөл жок. Борбор мындай көзөмөлдү жүргүзүп, манасчылык жаатында мыкты идеяларды колдойт», – деди Нурбек Талантбеков.
📅 «Манас» борборунун ачылышы 2026-жылдын 4-декабрында, Манас эпосунун күнү менен бирге өткөрүлөт.






