Манас шаарында эл аралык Manas Cup 2025 турнири өтөт

Манас шаарында 12-18-ноябрь күндөрү Manas Cup 2025 эл аралык футбол турнири өтөт. Турнирге Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиянын олимпиялык курама командалары катышат. Бул иш-чара жаш футболчулардын тажрыйбасын арттырып, өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

⚽️ Манас шаарында 12-18-ноябрда Manas Cup 2025 (U-23) эл аралык футбол турнири өтөт.

🇰🇬 Турнирге Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиянын олимпиадалык курама командалары катышат.

🏟️ Бардык оюндар «Курманбек» стадионунда өтөт.

🤝 Бул турнир жаштар курама командалары арасында тажрыйба алмашуу, оюн практикасын эл аралык деңгээлде жогорулатуу жана өлкөлөр ортосунда достук байланыштарды бекемдөө максатын көздөйт.

🏆 Кыргызстан курама командасынын 2026-жылдагы Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыгынын бир бөлүгү болуп саналат.

📅 Кыргызстан курама командасынын оюндарынын расписаниеси:
– 12-ноябрь | 19:00 — Кыргызстан vs Бахрейн
– 15-ноябрь | 19:00 — Иран vs Кыргызстан
– 18-ноябрь | 19:00 — Кыргызстан vs Россия

🎉 Оюндардан мурда күйөрмандар үчүн концерттик жана шоу-программалар уюштурулат, ошондой эле баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгү болот.

🎟️ Билеттер ticket.kg сайтында жеткиликтүү.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x