
[adrotate_integration id=”2″]🎓 Билим берүү министрлиги 2025/2026-окуу жылы үчүн мектеп окуучуларынын каникул графигин бекитти.
🍂 Күзгү каникулдар 5 күнгө созулуп, 2025-жылдын 5-ноябрынан 9-ноябрына чейин уланат, ал эми сабактар 10-ноябрда кайра башталат.
❄️ Кышкы каникулдар 12 күнгө созулат: 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 11-январына чейин. Мектептер 12-январда ачылат.
🌸 Жазгы каникулдар 3 күнгө пландалган: 2026-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин, окуучулар 9-мартта сабакка кайтышат.
🌼 Май айындагы майрамдык каникулдар 10 күнгө созулат: 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, сабактар 11-майда башталат.
🧒 Алты жаштагы башталгыч класстын окуучулары үчүн II жана III чейректерде кошумча каникулдар бар: 2025-жылдын 24-декабрынан 2026-жылдын 18-январына чейин — 2 жума кошумча эс алуу.
📚 Экинчи класстар үчүн III чейректе кошумча бир жума эс алуу каралган.






