








🌆 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 31-мартта “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ишин текшерди.
🏗️ Мэриянын маалыматы боюнча, ал ишкананын башкы кеңсесин, жол белгилерин жана автобус токтотуучу комплекстерди жасоочу цехти, кампаны жана атайын техниканы тейлөөчү гаражды карап чыкты.
🌿 Ишкананын аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча тапшырмалар берилди, ошондой эле жаңы административдик имараттын, ширетүү цехтеринин жана кампалардын долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгуу тапшырылды.
🏭 Бишкек шаарынын ЖЭБ аймагындагы асфальтобетон заводунун иши менен таанышты. Бул заводдо шаар көчөлөрүн оңдоо үчүн асфальтобетон аралашмасы өндүрүлөт.
🚂 Андан тышкары, катуу битум темир жол вагондорунан түшүрүлүүчү “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын битум чуңкурун көрдү. Битум эрип бүткөндөн кийин, ал ишкананын асфальтобетон заводуна жөнөтүлөт.
🔧 Айбек Жунушалиев муниципалдык ишкананын ишин жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.