Мэрия Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Тез жардам борборуна автоунааларды өткөрүп берди

Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен кызматташтыкта, шаардык саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө максатында, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн жабдылган 3 унаа тапшырылды.

[adrotate_integration id=”2″]

🚑 Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте шаардык саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө максатында 3 тез жардам унаасы берилди.

🚒 Бишкек шаарынын мэриясы бир унааны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык башкармалыгына оорулууларды ташуу үчүн өткөрүп берди.

🏥 Калган эки унаа Бишкек шаардык тез жардам борборуна тапшырылды.

🔑 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев унаалардын ачкычтарын айдоочуларга тапшырып, транспорт каражаттары шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана борбор калаанын социалдык инфраструктуралык маселелерин чечүүдө пайдалуу ресурс болоруна ишеним билдирди.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген