• Нарын областынын Жумгал районундагы Мин-Куш айылындагы жалпы практикалык медицина борборунун капиталдык ремонту жургу-зулуп жатат.
• Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен капиталдык оңдоо иштери 2023-жылы башталып, курулуш иштерин «Ильяз Курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
• Учурда эски имаратты бузуу иштери аяктап, терезелери алмаштырылып, ички иштер 80%, сырткы иштер 95% бүттү.
• Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 33 миллион сомго жакын.
• Оңдоп-түзөө иштеринин бүтүшү жергиликтүү тургундарды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртат.