Миграция саясаты: Россия мигранттарды легалдаштыруунун мөөнөтүн узартты

Кыргыз Республикасынын жарандарына Россияда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн административдик айып пул салынып, өлкөдөн чыгарылбайт. 2025-жылдын 10-сентябрына чейин мыйзамдуу статусун жөнгө салуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылуу зарыл.

🇷🇺 Орусиянын аймагында 2025-жылдын 1-январынан 10-сентябрына чейин мыйзамдуу жүрүү режимин бузган чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды.

🗓 Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагынан чыкпай туруп, өз укуктук абалын жөнгө сала алышат. Бул үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына кайрылуу керек.

📝 Кайрылуу учурунда жарандар иш берүүчү тарабынан тастыкталган эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тапшырышы зарыл.

👮 Жарандар милдеттүү түрдө мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүшү керек.

💉 Ошондой эле медициналык кароодон өтүү жана Орусиянын мыйзамдары менен белгиленген милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы жок болушу шарт.

⚖️ Жарандардын укуктук абалын узартуу үчүн кайрылуу учурунда административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып, административдик айып пул салынат, бирок өлкөдөн чыгаруу чарасы колдонулбайт.

📢 Министрлик жарандарды миграциялык эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарын сактоого жана укуктук статусун жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды өз убагында көрүүгө чакырат. Бул Орусия аймагында терс укуктук кесепеттерден качууга мүмкүндүк берет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x