Михаил Мишустин: Биз кыргызстандык жаштардын Россиянын жогорку окуу жайларында окууга болгон кызыгуусуна кубанычтабыз

Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин кыргызстандык жаштардын Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, билим берүү жана илимий-техникалык чыгармачылык жаатында ийгиликтүү кызматташууга басым жасады.

📚 Кыргыз жаштары Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга активдүү кызыгып жатканы Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынында белгиленди.

🌟 Михаил Мишустин август айынын аягында билим берүү тармагындагы инновациялык чечимдердин кыргыз-орус жарманкеси өткөнүн, ага Россиянын алдыңкы билим берүү мекемелеринин 150дөн ашык өкүлдөрү катышканын баса белгиледи.

🤝 Мектеп окуучуларынын арасында илимий-техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын таланттуу студенттери менен иштөө механизмдери талкууланды.

🎓 Орусияда 16 миңдей кыргызстандык студент билим алууда жана ар кандай популярдуу билим берүү долбоорлору ишке ашырылууда.

🗣️ Россия өкмөтүнүн башчысы эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгына байланыштуу күн тартибиндеги кеңири маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x